Коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө кырдаал режими 1-ноябрда алынат

Кыргызстанда бул илдетке байланыштуу өзгөчө кырдаал режими 2020-жылдын жаз мезгилинде киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Өлкөдө коронавирус пандемиясынан улам 2020-жылдын март айында киргизилген өзгөчө кырдаал режими 1-ноябрда токтотулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдирди.
Маалыматка ылайык, чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Мындай чечим республика аймагында эпидемиологиялык абал турукташып, вирус менен катталгандардын азайышына байланыштуу кабыл алынган.
Саламаттык сактоо министрлиги учурда COVID-19 боюнча өлкөдөгү эпидемиологиялык абал туруктуу экенин белгиледи. Оору жуктуруп алгандар анын жеңил түрү менен, айрым учурда анын оор белгилерин байкабай эле өткөрүп жатышат. Акыркы мезгилде өлүмгө алып келген учурлар жок.
Эске салсак, 2020-жылдын жаз мезгилинде өлкөдө өзгөчө кырдаал режими, айрым аймактарга өзгөчө абал киргизилген. Кийин өзгөчө абал режими алынган, ал эми өзгөчө кырдаал бүгүнкү күнгө чейин уланып келе жаткан.
Аз кыймылдоо он жылдан кийин дүйнөнү кандай коркунучтарга кептээри айтылды