Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина көйү. АКШ Европаны кантип алдап кеткени айтылды

Эгер АКШ Украинага мурдагыдай жардам бербей калса, анда Европа мындан дагы оор кыйынчылыктарга дуушар болушу ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. АКШ себепкер болгон Украина каатчылыгы Европа мамлекеттерине катуу сокку урду. Кокус Кошмо Штаттарда өтчү шайлоодо республикачылар утса, Евробиримдиктин абалы ого бетер кыйындайт. Бул тууралуу Кытайдын Global Times басылмасына таянып РИА Новости жазды.
"Украина каатчылыгы Батыш мамлекеттерин алсыратты. Еврозонада инфляция рекорддук көрсөткүчкө жетип, энергетикалык абал начарлап жатат", — деп айтылат макалада.
Басылма айрым эксперттер АКШда өтчү шайлоодо демократтар палатадагы көп өкүлүн жоготот деп божомолдоп жатканын жазган. Аналитиктердин айтымында, кокус Вашингтондо 8-ноябрда болчу шайлоодо республикачылар жеңишке жетсе, АКШнын Украинага болгон саясаты өзгөрүп, Киевге финансылык жардам алда канча кыскарат.
"Кыш босогодо. Европа мамлекеттеринин көбү жылуулукка кабатыр. Эгер АКШ Украинага мурдагыдай жардам бербей калса, анда Европа мындан дагы оор кыйынчылыктарга дуушар болот", — деген басылма.
Белгилей кетсек, Украинага берилген жардам демократтар менен республикачылар ортосуна ого бетер жик салып, дал ушул маселеленин айынан пикир келишпестиктер ырбап жатат. Сентябрда Республикачылар партиясынын өкүлү Лорен Бойберт АКШ акча берген банкомат эмес экенин айткан.
Россия 24-февралда Украинага карата атайын операция баштаган соң ага жооп катары Батыш өлкөлөрү Москвага үстөккө-босток санкция салган. Анын алкагында Европа мамлекеттери Россиянын энергия булактарынан баш тартууну көздөшкөн. Анткен менен санкция кээрин Батыш өзү да тартып, кесепети элди кыйнай баштады. Мисалы, электр энергиясы менен газ кымбаттап, инфляция өстү. Бул негизинен каржы секторуна жана жогорку технологиялык продуктуларды жеткирүүгө терс таасирин тийгизди.
Эч нерседен уялбай калышты. Путин Батыштын чектен ашкан кадамдары тууралуу