Токмоктогу карыя табылган акчасын ракка кабылган Канатка бермей болду

Бөбөктүн дарылануусуна 118 995 миң доллар чогулган, бирок дагы 146 миң керектелүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Токмоктогу мал базарда акчасын уурдаткан карыя рак менен ооруган алты жаштагы Канатка жардам бере турган болду. Бул тууралуу бөбөктүн атасы Кайрат Маматов билдирген.
Анын айтымында, баланын үй-бүлөсүнө Токмоктун милициясы чалып, аксакал табылган акчасын Канаттын дарылануусуна бере турганын кабарлаган.
Белгилүү болгондой, алты жаштагы Канат рак илдети менен жабыркайт. Атасы уулунун дарылануусуна 118 995 миң доллар чогулганын айтып, дагы 146 миң керек болуп жатканын билдирген.
Эске салсак, карыянын окуясы 16-октябрда болгон. Анда Токмоктогу мал базарга баласынын ашына жылкы алганы келген аксакал акчасын уурдатып жиберген. Карыянын кайгысына кайдыгер карабагандар ошол эле жерден 115 миң сом чогултуп беришкен. Кийин анын акчасын уурдады деген шектүү кармалып, акчасын кайтарып берген.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Каран түндөгү ак жарык же жүрөккө медер болгон кыргыз биримдиги