Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: Украинадагы азыркы кырдаалга Россия эмес, Батыш күнөөлүү

Путин Түндүк Атлантика альянсы (НАТО) көптөн бери Украинанын аймагына жайгашып, ээлей баштагандыгын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Дүйнөдөгү азыркы кырдаалга жана Украинадагы окуяларга, анын ичинде атайын аскердик операцияга аныгында Россия эмес, Батыш алып келди. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин билдирди.
Мамлекет башчы "Валдай" эл аралык дискуссия клубунун XIX отурумунун пленардык сессиясында сүйлөдү.
"Учурда дүйнөдөгү кырдаалга жана Украинадагы окуяларга биз эмес, Батыш алып келди. Ал жактагы мамлекеттик төңкөрүшкө жана атайын аскердик операцияга биз жеткирдикпи? Жок, биз ал нерселерди жасаган жокпуз", — деди Россиянын лидери.
Ошондой эле Путин Түндүк Атлантика альянсы (НАТО) көптөн бери Украинанын аймагына жайгашып, ээлей баштагандыгын белгиледи.
Россия Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо боюнча атайын операциясын 24-февралда баштаган. Президент Владимир Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан геноцидге кабылган элди коргоо" экенин айткан.
Эч нерседен уялбай калышты. Путин Батыштын чектен ашкан кадамдары тууралуу