Садыр Жапаров Казакстанга учуп кетти. Делегациянын курамы

Жапаров Кыргызстандын Казакстандагы маданият күндөрүнүн ачылыш аземине катышат.
Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда, иш сапары менен Казакстандын Астана шаарына кеткенин президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, өлкө башчы Борбор Азия — Европа биримдиги лидерлеринин биринчи жолугушуусуна катышып, жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Ошондой эле Кыргызстандын Казакстандагы маданият күндөрүнүн ачылыш аземине катышат.
Президентти коштоп кеткен расмий делегациясынын курамы:
Жээнбек Кулубаев — тышкы иштер министри;
Муратбек Азымбакиев — президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
Дастан Дүйшекеев — Кыргызстандын Казакстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси;
Сүйүнбек Касмамбетов — мамлекеттик катчы;
Алтынбек Максутов — маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри.
Жапаров Астанадагы саммитте азык-түлүктүн кымбатташы боюнча маселе көтөрдү