Радио

Садыков: беш облус үчүн беш компьютердик томография аппараты алынды

Cаламаттык сактоо министринин орун басары Улан Садыков алып келинген бир томографтын баасы миллион доллардын тегереги экенин айтты.
Sputnik
Кыргызстанга беш компьютердик томография аппараты беш облустагы ооруканалар үчүн Дүйнөлүк банктын колдоосу менен алынды. Бул тууралуу Улан Садыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мындай жабдууларга муктаждык пандемия учурунда абдан билинген.
"Дүйнөлүк банктын колдоосу менен Кыргызстанга беш компьютердик томография жабдуусу алып келинди. Учурда алар Талас, Нарын, Ысык-Көл, Ош жана Жалал-Абад облустарына жеткирилип, аппараттар орнотулууда. Мындай жабдууларга муктаждык пандемия учурунда абдан билинди. Эми аймактардагы бейтаптар татаал изилдөөлөрдү борборго келип жүрбөстөн өздөрүнүн облустарынан жасата алышат. Негизи татаал техникалардын көбү борбордо жайгашкандыктан, мындан ары аларды региондорго да көбүрөөк жеткирүүгө аракет кылышыбыз керек", — деди Садыков.
Ал жакында Кытай менен келишим түзүлгөндүгүн жана заманбап медициналык жабдуулардын келиши күтүлүп жатканын кошумчалады.