Министрлик ЖОЖдорго аскердик кафедраны кайрадан киргизүүгө белсенип жатат

Өлкөдө аскредик кафедралар 2017-жылы жоюлган болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Кыргызстандагы жогорку окуу жайларга аскердик кафедраны киргизүү кайрадан каралып жатат. Бул туурасында Коргоо министрлигинин Башкы штабынын жетекчиси Эрлис Тердикбаев парламентте билдирди.
"Запастагы офицерлерди даярдоо үчүн кээ бир университет, институттарда аскердик кафедраны кайрадан ачуу каралып жатат. Министр тарабынан тапшырма берилген, бул багытта иштер жүрүп жатат", — деди Тердикбаев.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда аскредик кафедралар 2017-жылы жоюлган болчу. Бир гана Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында калтырылган.
Радио
Асан кызы: учурда ЖОЖдордо 50 миңден ашык бош орун бар