Депутат Кыргызстанда энергетик ичимдигине толугу менен тыюу салууну сунуштады

Парламентарий энергетиктин курамындагы компоненттердин ден соолукка зыян экендигин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Улан Бакасов энергетик ичимдигин ташып келүүгө, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салууну сунуштады.
Ал учурда мындай продукциянын жашы жете электерге сатылбай тургандыгын эске салды. Парламентарий мындай энергетиктерди колдонуу менен чоңдор өзүнүн ден соолугун тобокелге салып жаткандыгын билдирди.
Мыйзамдын негиздемесине таянып, Бакасов бул ичимдиктин курамындагы кофеин, таурин жана башка компоненттердин зыян экендигин белгиледи.
Парламентарий аны ар дайым ичкенде таасирин жоготуп, өлчөмүн көбөйтүүгө түртөрүн айткан. Ал эми колдонбой калганда туталанууну пайда кылып, депрессияга кептей турганын кошумчалаган.
Радио
Жусупов: жол боюнда сатылган жашылча-жемишке автоунаанын түтүнү сиңип калат