Психолог мессенджерде кайсы сөздөрдү колдонбош керектигин айтты

Билдирүүлөрдө кантип жана эмнени жазуу керектиги боюнча расмий эреже жок. Бирок кайсы бир шарттарды кармануу зарыл.
Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Чат аркылуу кимдир бирөө менен сүйлөшүп жатканда ал адамды ыңгайсыз абалга коюп же мамилени солгундатып албаш үчүн кайсы сөздөрдү колдонбош керектигин психолог Линда Кей айтып берди. Адистин кеңешин "Доктор Питер" басылмасы жарыялады.
Биринчи мите сөз — "сени менен сөз бар" же "экөөбүз сүйлөшүшүбүз керек". Бул сөздөр маектешти бир топ санаага салат. Аны эмне болуп кетти деген ой басып, тынчы кетет. Өзгөчө эки адамдын ортосунда маанилүү иш же жакын мамиле болсо, ого берет оор сезилет.
Экинчи жагымсыз сөз — "сен милдеттүүсүң!". Психолог бул сөз көзмө-көз сүйлөшкөн учурда анча катуу тийбегени менен кат аркылуу кимдин гана болбосун кыжырын келтирерин айтат.
Маектешти жагымсыз абалга кептеген үчүнчү адат — адамдын айрым сөздөрдү жалаң чоң тамгалар менен жазганы жана илеп белгисин колдонушу. Экрандын аркы жагындагы киши муну буйрук берүү, кемсинтүү катары кабыл алат.
Жубайлардын акыры ажырашарынан кабар берген 6 белги тизмектелди