Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россия биолабораториялардан улам АКШ менен Украинанын үстүнөн БУУга даттанды

Резолюциянын токтомунда БУУнун Коопсуздук кеңеши Россиянын даттануусун иликтөө үчүн комиссия түзөрү айтылат. Ал топ 28-ноябрдан 16-декабрга чейин Женевада өтө турган жалпы конференцияда доклад жасашы керек.
Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Москва Вашингтон менен Киевдин Украинадагы аскерий-биологиялык ишмердүүлүгүнүн алкагында өз милдеттерин аткарган жок деген кине менен БУУга кат жолдоду. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензянын БУУнун башкы катчысы менен Коопсуздук кеңешинин төрагасына жолдогон катында Биологиялык курал боюнча конвенциянын 6-беренесине ылайык, арызданууга себеп болгон далилдер келтирилгени жазылган. Мындан тышкары, Москва 2022-жылдын 27-октябрында БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынын чакырууну өтүнүүдө.
Россия тарап комиссия АКШнын Украинадагы аскерий-биологиялык лабораториялары боюнча ишмердүүлүгүнүн алкагында Вашингтон менен Киев Конвенциянын талаптарын аткарган-аткарбаганын аныктап чыгат деген ишенимде.
Резолюциянын токтомунда БУУнун Коопсуздук кеңеши Россиянын даттануусун иликтөө үчүн комиссия түзөрү айтылат. Ал топ 28-ноябрдан 16-декабрга чейин Женевада өтө турган жалпы конференцияда доклад жасашы керек.
Эскерте кетсек, буга чейин РФ Куралдуу күчтөрүнүн радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоо аскер күчтөрүнүн жетекчиси Игорь Кириллов Украинанын аймагында Пентагондун кызыкчылыгы үчүн иштей турган 30дан ашуун биологиялык лабораториялардын түйүнү түптөлгөнүн билдирген. Анын айтымында, атайын операция башталган соң АКШ Украинадан өзүнүн аскерий-биологиялык программасын улантуу үчүн керектүү нерсенин баарын алып чыгып кеткен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Киевдин "ыплас бомба" колдонушун Москва өзөктүк террор катары кабылдайт