Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Депутат: подрядчылар соодалашып, Баткендин Капчыгайында үйлөр салынбай жатат

Депутат бийлик башчылары айылды эки айда калыбына келтирүүнү убадалаганына карабай иш кечеңдеп жатканына нааразы болду.
Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Тажик тараптын кол салуусунан талкаланган Капчыгай айылында курулуш иштери азыркыга чейин баштала элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов парламентте билдирди.
"Капчыгай деген айылды биздин душмандар тегиздеп салган. Ошону президент, өкмөт башчы барганда эки айда бүтүрүп беребиз деген. Акчасы бөлүнгөн. Подрядчы компания тандалган, бир ай болду, эч кандай жылыш жок. Себеби ал субподрядчыга бериптир, анан алар дагы башка подрядчы компанияларды издеп соодалашып жатыптыр. Ишти качан башташат? Ушуну көңүлгө алып койсоңуздар", — деп президенттин парламенттеги өкүлүнө кайрылды депутат.
Мындан сырткары, Айжигитов Баткендин чек аралаш айылдарында үй сатылат деген жарнамалар көп чыгып жатканын белгилеп, бул өтө кооптуу тенденция экенин айтты. Андыктан эң жогорку деңгээлде көзөмөлгө алуу керек деди.
УКМКнын Баткен облусундагы аскер кызматкерлери үйлүү болду