Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Баткенде чек ара чырынан каза болгондордун кыркылыгы өткөрүлдү. Сүрөт

Чек арадагы жаңжалдан Кыргызстан тараптан 63 адам көз жумган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. 14-17-сентябрь күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта каза болгондордун 40 күндүгү өткөрүлүп, аларга багышталып куран окулду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады.
1 / 4

14-17-сентябрь күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта каза болгондордун 40 күндүгү өткөрүлүп, аларга багышталып куран окулду

2 / 4

Ага ылайык, эскерүү иш-чарасына президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев,

3 / 4

Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин мүчөсү Абдышүкүр ажы Нарматов жана облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери, район акимдери, көз жумгандардын жакындары катышкан

4 / 4

Эске салсак, 14-17-сентябрь күндөрү кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылыш болуп, Кыргызстан тараптан 63 адам көз жумган. Мындан тышкары, 200дөн ашык киши жабыркап, үйлөр, мектеп, бала бакчалар талкаланган.

Ага ылайык, эскерүү иш-чарасына президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев, Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин мүчөсү Абдышүкүр ажы Нарматов жана облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери, район акимдери, көз жумгандардын жакындары катышкан.
Эске салсак, 14-17-сентябрь күндөрү кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылыш болуп, Кыргызстан тараптан 63 адам көз жумган. Мындан тышкары, 200дөн ашык киши жабыркап, үйлөр, мектеп, бала бакчалар талкаланган.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
ДНК-тест Дастан Анарбеков каза болду деп чыгарды. Апасы жыйынтыкка макул эмес