БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Россиянын өзөктүк күчтөрүнүн машыгуусу тууралуу Вашингтондун кабары бар. Бул тууралуу АКШнын Коргоо министрлигинин өкүлү Патрик Райдер брифингде айтканын РИА Новости жазды.
Ал машыгуу боюнча Москва эч нерсе жашырбаганын айтып, РФ ачык-айкындуулук талаптарын сактап жатканын белгилеген.
"Өзөктүк күчтөрдүн машыгуулары боюнча АКШ билдирүү алган. Россия куралдануу жана ачык-айкындуулук жаатында милдеттерин аткарып жатат", — деген Пентагон өкүлү.
Анын айтымында, Кошмо Штаттардын аскердик мекемеси "Гром" машыгуусун ар жылы болуп туруучу иш-чара катары баалайт. Бирок анын жүрүшүнө көз салып турмакчы.