Төрага Шакиев фракция жана топтордун лидерлерин чакырып жыйын өткөрдү

Жолугушууда парламенттин ишин илгерилетүү маселеси талкууланган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттик фракциялардын жана депутаттык топтордун лидерлери менен жыйын өткөрдү. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттик фракциялардын жана депутаттык топтордун лидерлери менен жыйын өткөрдү
Жыйында мыйзам чыгаруу органынын ыйгарым укуктарын ишке ашырууда парламенттик фракциялардын ролу маанилүү экени белгиленип, анын ичинен катчылыктардын ишин күчтөндүрүү маселеси талкууланган.
Төрага эл өкүлдөрү калктын социалдык-экономикалык көйгөйлөрүнүн чечилишин жана тийиштүү мыйзамдардын аткарылышын толук көзөмөлгө алышы керектигин айткан.
"Андыктан тармактык комитеттердин жана фракциялардын алкагында бардык маселелер кеңири талкууланышы кажет. Бул үчүн депутаттарды комитеттерге бөлүштүрүүдө тармакка тиешелүү тажрыйбасын эске алуу шарт", — деди Шакиев.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеште "Ата-Журт Кыргызстан", "Ишеним", "Ынтымак", "Альянс", "Бүтүн Кыргызстан", "Ыйман Нуру" фракциялары жана "Элдик", "Мекенчил" депутаттык топтору иш алып барат.
Улан Примов Эл аралык иштер комитетинин төрагасы болуп шайланды