БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Бишкекте кармалган 22 саясатчы жана жарандык активисттердин баш коргоо чарасы тандалды.
Алардын бөгөт чарасы Биринчи май райондук сотунда 24-25-октябрь күндөрү каралган. Натыйжада сот кармалган жарандардын 20сын Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизүү чечими кабыл алынды.
Алар: Азимбек Бекназаров, Асия Сасыкбаева, Айданбек Акматов, Чыңгыз Капаров, Айбек Бусурманкулов, Равшан Жээнбеков, Али Шабдан, Таалайбек Мадеминов, Перизат Суранова, Эрлан Бекчороев, Улукбек Маматаев, Гүлнара Журабаева, Кубанычбек Кадыров, Кеңешбек Дүйшебаев, Нурлан Асанбаев, Бектур Асанов, Клара Сооронкулова, Рита Карасартова, Жеңиш Молдокматов, Атай Бейшенбек.
Ал эми Жогорку Кеңештин экс-депутаты, октябрь окуясы учурунда бир аз убакыт спикер болгон Канат Исаев бир айга УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Талант Эшалиев болсо ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылды.
Белгилей кетсек, 23-октябрда милиция бир катар саясатчы, жарандык активисттердин үйлөрүн массалык түрдө тинтүүгө алып, өздөрүн кармап кеткен. ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин 36 ("Кылмышка даярдык көрүү") жана 278-беренеси ("Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу") боюнча кылмыш иши ачылганын билдирди. Кармалгандар Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы позициясын билдирип келишкен.
Бул окуя боюнча президент Садыр Жапаров үн катып, жарандык коомдук өкүлдөрү менен сүйлөшүү натыйжа бербегенин айткан.