Баланын мите курт чакырган ооруга кабылганын кантип билсе болот? Белгилери

Ооруну алдын алуу үчүн гигиенаны сактап, балдарга колду таза жууганды адатка айлантууга үйрөтүш керек.
Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун паразитология бөлүмүнүн башчысы Жыпара Ашакеева мите курттар чакырган оорулардын белгилери кандай болорун санап берди.
Анын айтымында, көбүнчө адамдын денесине тактар пайда болуп, ичи ооруп, котур сыяктуу кычыштырат. Баланын сабакка көңүлү жок болуп, кабыл алуу сезими ылдыйлап кетет. Ошондой эле эч нерсе уккусу келбей кыйкырып-бакырып сүйлөп калат.
"Аскарида куртунда адамдын денеси кычышып, алы кетет. Лямблия куртунда жаш баланын денесине кызыл безеткилер чыгып кетет. Бирок бизде бейтаптар ооруканага барбай эле жүрө беришет. Айрым учурда ичи өтүп калат. Айрымдарынын эске тутуусу начарлайт жана каны азайып, иштөө жөндөмдүүлүгү ылдыйлап кетет", — деген медик.
Ашакеева ооруну алдын алуу үчүн гигиенаны сактоо керектигин айтып, балдарга колду таза жууганды, жер-жемишти сөзсүз түрдө жууп жегенди, карандаш, оюнчук өңдүү буюмдарды оозуна салбоону, тамак ичип жатканда телефон колдонбоону, ит-мышыктарды сылап ойнобоону үйрөтүү керектигин белгилеген.
Мите курттар чакырган ар түрдүү дарттар тууралуу дарыгердин маегин толугу менен Sputnik Кыргызстан агенттигинен окуй аласыздар.
Өспүрүмдөрдүн анемиясын алдын алуунун жолдору. Адистердин кеңеши