Кыргызстандык кыз Түркиядагы сынакта "Азия ханбийкеси" болду. Сүрөт

Таажы жана баш байге үчүн 20 өлкөнүн өкүлдөрү ат салышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Модель Саадат Турусбекова Princess of the Globe 2022 деп аталган эл аралык сынакта Кыргызстандын намысын коргоду. Бул тууралуу ал Sputnik редакциясына билдирди.
Иш-чара Түркияда 11-20-октябрда өткөн. Таажы жана баш байге үчүн 20 өлкөнүн өкүлдөрү ат салышкан.
Сулуулар өз өнөрлөрүн, талантын көрсөткөндөн кийин ал тандалган жети сулуунун бири болуп, "Азия ханбийкеси — 2022" титулуна татыган.
Турусбекова Инновациялык технологиялар боюнча эл аралык университеттин акыркы курсунда, менеджмент факультетинде билим алат.
Диами Алмазбекова "Кыргызстан сулуусу" аталды. Сүрөт