Кыргызстанда гемодиализ алып жаткан бейтаптардын саны бир жылда 369га көбөйдү

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жыл сайын бөйрөк оорулары көбөйүп жатканын эскертип, аны алдын алуу үчүн дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп коюуну сунуштады.
Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыргызстанда бөйрөгү ооруп (5-стадияда), гемодиализ алып жаткан бейтаптардын саны бир жылда 369га өстү. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2021-жылы мамлекеттин "Гемодиализ" базасында 1 833 бейтап каттоодо турса, быйыл 2 202 адам катталган.
"2022-жыл жаңыргандан сентябрь айына чейин бейтаптарга гемодиализдин 222 800 сеансы жасалган. Бул 2021-жылдагы ушул убакытка салыштырмалуу 34 500гө көп. Бейтаптар диализ алууга акы төлөбөйт, бекер алышат. Алар республикалык бюджеттен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан каржыланат. Тогуз ай ичинде фонд бул кызматка 1 миллион 26 миң сом төлөгөн", — деп жазылат маалыматта.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жыл сайын бөйрөк оорулары көбөйүп жатканын эскертип, аны алдын алуу үчүн дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп коюуну сунуштады. Үй-бүлөлүк медициналык каттоодо тургандар дарыгеринен акысыз консультация алып, анализ тапшырып койсо болот. Кошумча маалымат алуу үчүн 113 түз байланышына чалуу сунушталат.
Кыргызстанга 5 компьютердик томография алып келинди. Бөлүнгөн аймактар