Көзү улам жабылып... Кэти Перринин күйөрмандарын чочуткан видеосу

Артистке байланыштуу окуя Лас-Вегастагы концертте болгон. Комментарий жазгандар бул ырчы өтө кыжалаттанганда болсо керек деген пикирин билдиришкен.
Sputnik
БИШКЕК, 25-окт — Sputnik. Америкалык ырчы Кэти Перри сахнада турганда көзү улам жабыла берип күйөрмандарын чочутту. Видео интернет айдыңына болуп көрбөгөндөй тездик менен тарап кетти.
Англис тилдүү ЖМКлар окуянын Лас-Вегастагы концертте болгонун жазышты. Көрүүчүлөрдүн айтымына караганда, ырдаар алдында көзүн ымдап жаткан сымал жабылып, колу менен аракет кылып ачкан сайын кайра түшө берген. Бул эмнегедир роботту элестеткен.
Түшүнүксүз бул нерсе токтоп калгандан кийин жеңилдене түшкөн ырчы тамашалаган болуп, андан ары ырын уланткан.
Видеонун алдына күйөрмандар эмне окуя болуп кеткенин түшүнбөй калганын жазышса, кээ бирөөлөрү суроо узатып, бир катарлары тамашалаган пикирлерин калтырган. Көрүүчүлөрдүн ичинен бул шоу-концерттин атайын жасалган бөлүгү деп ойлогондор болгон.
The Weeknd кабылган окуя: эл алдына чыкканда эле ырдай албай койду. Видео