Трихологдор чачтын агарышын кантип токтотсо болорун айтышты

Адистердин айтымында, чачтын агарышын организмдеги айрым витаминдерди толуктоо менен токтотсо болот.
Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Эмне себептен айрым адамдардын чачына жаш кезинде эле ак түшөрүн жана аны кантип басаңдатса болорун International Journal of Trichology илимий журналындагы макалага шилтеме берип "Доктор Питер" басылмасы жазды.
Анда трихологдор чачты маалынан эрте ак аралашына организмде D жана B12 витаминдеринин, ошондой эле темирдин жетишсиздиги себепкер экенин айтышкан.

В витамини

В витамини, өзгөчө В12нин тартыштыгы чачтын түсүнө таасирин тийгизет. Анализ тапшырып көргөн соң анын жетишсиз экенин билген адам сүт азыктарын, жашылча-жемишти, жаңгак, уй жана тоок этин көп жеши керек.

Темир

Темир — кан аркылуу кычкылтекти ташуучу негизги элемент. Ал чач пигментинин пайда болуусунда дагы негизги ролду ойнойт. Темир уйдун боору, буурчак, чечевица, шпинат, өрүк, кара шоколад сыяктуу азыктарда көп.

D витамини

Организмде D витамининин жетишсиздигинен сөөк жабыркайт, кант диабети, жүрөк оорусу пайда болуп, эс тутум жана концентрация көйгөйлөрү башталат. Мындан тышкары, теринин, чачтын жана тырмактын абалы начарлайт. Бул витамин уйдун боорунда, балыкта, быштак, сыр жана жумуртканын сарысында болот.
Йоддун жетишсиздиги олуттуу ооруларга алып келет