Британия падышасы Сунакты премьер-министр кылып дайындады

Сунактын адегенде эле жасай турган биринчи иши — министрлер кабинетин куроо.
Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Улуу Британиянын падышасы Карл III 42 жаштагы Риши Сунакты өлкөнүн өкмөт башчысы кылып дайындады. Бул тууралуу Sky News телеканалына шилтеме кылып РИА Новости жазды.
Карл III жаңы премьерди кызматына дайындап, ага министрлер кабинетин куроо тапшырмасын берген.
"Риши Сунак Букингем сарайында падышанын (Карл III) кабыл алуусуна кирип чыккан соң расмий түрдө премьер-министр болуп калды", — деп айтылган маалыматта.
Өкмөттүн жаңы башчысы падыша менен жолуккандан кийин Лондонго кайтып келип, Даунинг-стриттеги кеңсесинин жанында элге чыгып сүйлөрү айтылды.
Риши Сунак учурда 42 жашта. Ал Улуу Британиядагы 1812-жылдан берки эң жаш жана теги индиялык премьер-министр болуп калды. Жонсон башкарган министрлер кабинетинин тамырынын бошошуна дал ушул Риши Сунактын отставкасы чыйыр салган. Абал улам кыйындап отуруп Жонсон өзү өкмөт башчылыктан кеткен.
Британиянын азиат тектүү биринчи премьери Риши Сунактын өмүр таржымалы