Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленский украиналыктарды электр энергиясын болушунча үнөмдөөгө чакырды

Крым көпүрөсүндөгү терактыдан кийин Россия Украинанын инфраструктуралык объектилерине сокку ура баштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Украина президенти Владимир Зеленский видеокайрылуу жасап, анда шаар мэрлерин электр энергиясын керектөөнү көзөмөлдөөгө чакырганын РИА Новости жазды.
"Бир топ шаар, райондордо энергетика компаниялары жарыкты маал-маалы менен өчүрүү графигин колдонууга мажбур болушууда. Бул электр энергиясы жетиштүү көлөмдө өндүрүлбөй калган шартта элдин баарына электр кубаты жеткиликтүү болсун деген максатты көздөйт", — деген Зеленский.
Ал Украина элин электр энергиясын үнөмдөөгө чакырып, электр тогун көп талап кылган техникаларды азыраак колдонууга үндөгөн.
"Шаар мэрлерине, район башчыларына өзүнчө кайрылып кетейин. Сураныч, электр энергиясы кандай керектелип жатканын көзөмөлүңөргө алгыла. Азыр баарын жаркыратып койчу убак эмес. Жарыкты колдон келишинче үнөмдөш керек", — деген Украина президенти.
Эске салсак, Крым көпүрөсүндөгү терактыдан кийин Россиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын инфраструктуралык объектилери, атап айтканда, энергетика, байланыш жана аскерий башкармалыгына сокку ура баштаган. Россия президенти теракт жасоого аракеттер улана берсе, Россия тарабынан жооп катаал жана масштабы да РФке келтирилген коркунучтардын деңгээлине жараша болорун эскерткен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Крым көпүрөсүндөгү терактыдан кийинки ойлор. Россия кандай кадамга барат?