Иркутскиде кулаган Су-30дун пилоттору учуп баратканда эсин жоготкон болушу мүмкүн

Адистин билдиргенине караганда, Су-30дун экипажынын мындай абалга келишине кычкылтек баллондорун учууга даярдаган маалда кеткен калпыстыктар себеп болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Иркутскидеги турак жайга кулаган Су-30 истребителинин пилоттору алдын ала берилген маалыматтарга караганда эсин жоготкон болушу мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Адистин билдиргенине караганда, Су-30дун экипажынын мындай абалга келишине кычкылтек баллондорун учууга даярдаган маалда кеткен калпыстыктар себеп болгон.
"Кычкылтек баллондорунда калган азоттун калдыгы экипаждын эсин жоготуусуна алып келиши мүмкүн", — деген ал.
РИА Новостиде бул маалыматка берилген расмий тастыктоо жок.
Эске салсак, кырсык кечээ, 23-октябрда, катталган. Аймактын губернатору Игорь Кобзевдин айтымында, Су-30 үлгүсүндөгү учак жыгач үйдүн үстүнө кулаган. Россиянын ӨКМи аба кемеси сыноо учурунда кырсыктаганын билдирген.
Иркутск шаарында кырсыктаган учактын эки пилоту көз жумду