Бишкектеги үйлөргө, мекемелерге жылуулук качан берилери белгилүү болду

Жылытуу биринчи кезекте мектептерден, бала бакчалардан, ооруканалардан, төрөт үйлөрүнөн жана социалдык коргоо мекемелеринен башталмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөргө, мекемелерге жылуулук 2022-жылдын 26-октябрында эртең менентен тарта бериле баштайт. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы штабдын жыйынында айтылганын маалымдады.
"Гидрометборбордун маалыматын эске алып, штаб борбор калаада жылытуу мезгилин 2022-жылдын 26-октябрында эртең менен баштоо чечимин кабыл алды. Объектилерди туташтыруу бир нече күнгө созулат", — деп айтылган маалыматта.
Жылытуу биринчи кезекте мектептерден, бала бакчалардан, ооруканалардан, төрөт үйлөрүнөн жана социалдык коргоо мекемелеринен башталмакчы.
"Андан кийин мурда керектелген жылуулук энергиясы үчүн карызы жок жана объектинин кышкы шарттарда пайдаланууга даярдыгы жөнүндө актысы бар турак жайларга, өнөр жай ишканаларына жана мекемелерине бериле баштайт", — деп билдиришти алар.
Апта жаан-чачындуу болобу? Кыргызстан боюнча аба ырайы