Бишкекте интернет жакшы иштебей, колдонууда кыйынчылык жаралууда

Провайдерлердин магистралдык каналында авария болгону айтылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Бишкекте интернеттин ылдамдыгы начарлап, колдонууда кыйынчылык жаралууда. Бул тууралуу социалдык тармактарда жазылууда.
Megacom, Beeline, О! мобилдик операторлорунан интернетке туташууда көйгөй болуп жатат. Ушундай эле кыйынчылыктар Wi-Fi тараткан интернет провайдерлеринде дагы жаралууда.
Санариптик өнүктүрүү министрлиги кырдаал тууралуу азырынча комментарий бере элек. Бирок айрым провайдерлердин өкүлдөрү магистралдык каналда авария болгонун айтууда. Учурда интернет резерв аркылуу иштөөгө өтүп, оңдоо иштери жүрүп жатканы белгиленди.
Үрөй учурган жаңылыктарды окуй берүү адатынан арылса болобу? Адистин кеңеши