Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШ менен Украинанын түпкү максаты эки башка. Кимиси эмнени көздөйт?

Макалада Вашингтон Киевге канчалык көп жардам берген сайын өзүнүн кызыкчылыгынан ошончолук алыстап жатканы белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Вашингтон менен Киевдин максаты таптакыр эки бөлөк. Мындай пикири менен Ак үйдүн коммуникациялар боюнча мурунку директору, саясий баяндамачы Патрик Бьюкенен The American Conservative басылмасына чыккан макаласында бөлүшкөнүн РИА Новости жазды.
Автор Владимир Зеленский үчүн Крым менен Донбасс суверендүү аймактар, аларды кайтарып өлкө башчысы Россия менен чыккан чырды актоого аракет кыларын белгилеген. Бирок АКШ үчүн Киевдин бийлик башында кимдин турары кызык эмес.
Макалада XIX-ХХ кылымдарда Украина Россия империясы менен СССРдин бир бөлүгү болуп, Москвадан башкарылып келгени эске салынат. Мындай жагдай Украинадан сегиз миң чакырым алыс турган АКШны дегеле ойлонтуп-толгонткон эмес.
"Вашингтон үчүн орус-украин чырында башкы маселе Крым менен Донбассты ким башкарарында эмес, АКШ менен Россиянын ортосунда согуш отунун тутанып кетпешинде турат. Чыгыш Европада болуп жаткан окуялардын бири дагы АКШ менен Россиянын толук кандуу согушун актай албайт", — деген Бьюкенен.
Автор Украина НАТО мүчөсү болбосо да башкы каржы жана курал-жарак булагы АКШ болуп жатканын белгилеген. Демек, АКШнын өзөктүк куралы бар Россия менен тикелей чырлашуудан баш тартышы Украинанын стратегиялык аскерий максаттары менен жакында дал келбей башташы мүмкүн. Макалада Вашингтон Киевге канчалык көп жардам берген сайын өзүнүн кызыкчылыгынан ошончолук алыстап жатканы белгиленген.
Эскерте кетсек, Россия Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо боюнча атайын операциясын 24-февралда баштаган. Владимир Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан геноцидге, кордукка туш болгон элди коргоо" экенин айткан. Президенттин айтымында, атайын операция Донбассты бошотуп, Россиянын өзүнүн коопсуздугун камсыздаган шарттарды түзүүнү көздөйт.
Ал арада АКШ менен НАТО Киев режимин курал менен камсыздап, ондогон миллиард доллар бөлүп келет. Москва курал-жарак жеткирүү жаңжалды ырбатып, жардам жүктөлгөн транспорт россиялык армиянын мыйзамдуу бутасына айланарын бир нече ирет эскерткен.
Сентябрь айында РФ президенти Владимир Путин элине кайрылып жатып Батыш антироссиялык саясатында аша чаап кеткенин белгилеген болчу. Анын айтымында, Батыш эми өзөктүк курал тууралуу кеп кылып, Москвага каршы жапырт кыйратуучу курал колдонуу мүмкүнчүлүгү тууралуу айтып келет. Өлкө башчысы Россия аскердик техника жагынан бир топ алдыда экенин белгилеп, Батыш опузасынан өзү да жабыркап калышы мүмкүн экенин эскерткен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина жаңжалында америкалык стратегдер ниетин жашырган да жок. Сереп