БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. АКШ жана Кытай "кооптуу зонага" киришти. Бул тууралуу америкалык дипломат Жеймс Холмстун айтымына таянып 19fortyfive басылмасы жазган.
Маалым болгондой, жакында эле конгрессмен Майк Галлахер АКШнын аскердик кубаттуулугу боюнча жылдык индекс жарыяланганын айткан. Докладды түзгөндөр бул жылы биринчи ирет АКШнын Куралдуу күчтөрү Тынч океандын батыш тарабында аскердик тапшырмаларды аткарууда алсызыраак экенин моюндашкан. Галлахер бул аймак Кошмо Штаттар үчүн бир катар себептерден улам кооптуу болуп калганын белгилеп, мында негизги фактор убакыт экенин айткан. Дипломат АКШ менен Кытайдын атаандаштыгын бир нече кылым мурдагы Улуу Британия менен Германиянын ортосундагы тирешүүгө салыштырган. Анда кооптуу зонада Германия калган болчу.
Галлахер акыркы мезгилде кемелердин эскирген моделдери колдонуудан чыгарылып жаткандыктан америкалык флотто кемелер азайып баратканын айткан. Учурда АКШда 292 кеме бар, жакында бул сан 280ге кыскармакчы. Аскерлер 500дөн кем эмес кеме керек экенин айткан соң конгресс алардын санын 355ке жеткирүүнү көздөөдө.
"Кытай Тайвань маселесин жакынкы беш жылдын ичинде чечүүгө аракет кылышы мүмкүн. Ошол себептен кырдаал кооптуу", — деген Холмс.
Сөз соңунда дипломат АКШнын кошумчасы бар экенин белгилеген. Бул — аба күчтөрүнүн, деңиз аскерлеринин жана армиянын жардамы менен активдүү коргонуу.