БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. "Майлы-Суу" лампа заводу толугу менен мамлекеттин карамагына өттү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Аталган заводдун уставдык капиталында банкрот болуп, ишкананын толук үлүшү мамлекеттин менчигине өткөнү белгиленди. Үстүбүздөгү жылдын 28-июнунда "Майлы-Суу лампа заводу" жабык акционердик коому ачык акционердик коом болуп өзгөртүлгөнү айтылды. Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонду анын жалгыз акционери (уюштуруучу) болуп эсептелет.
Министрликтен бул Орто Азиядагы алдыңкы ири электр лампа заводу болуп саналарын белгилеп, анын мындан ары иштеп кетишине аракеттер көрүлүп жатканын айтты.
Маалыматка ылайык, ал жерден электрдик ысытуу лампаларынын 40тан ашуун, светодиоддук жип лампаларынын 10дон ашык түрү чыгарылат. Ошондой эле заводдун өзүнүн технологиялык керектөөлөрү үчүн жылуулук энергиясын иштеп чыгат, калкка жана башка уюмдарга өнөр жай кызматын көрсөтөт.
Айнек жиптеринен ровинг жана була жасоо да өздөштүрүлгөн. "Майлы-Суу" лампа заводу 1967-жылы ишке киргизилген.