"Чын дилден". Пушков АКШга таарынган Макронду какшыктады

Буга чейин Макрон газдын баасын бекитүүдө АКШ кош стандарттуулукка барып жатканын айтып нааразы болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Сенатор Алексей Пушков АКШга нааразы болгон Франция президенти Эммануэль Макронду какшыктап, Telegram каналы аркылуу пикирин билдиргенин РИА Новости жазды.
Буга чейин Макрон газдын баасын бекитүүдө АКШ кош стандарттуулукка барып жатканын айтып нааразы болгон. Ал газ ушу тапта Америка рыногунда Европаныкына салыштырмалуу кыйла арзан экенин айтып, аталган маселени декабрда АКШга боло турган сапарынын алкагында талкуулай турганын билдирген.
Пушков Макронду какшыктап, АКШ Европага каршы "чын дилинен" кысым көрсөтүп, товарларын Америка рыногунан сүрүп чыгарып, "чын жүрөктөн" суюлтулган кымбат газын сатарын белгилеген.
Батыш мамлекеттери Москвага каршы санкция киргизип, россиялык отундан баш тартууну чечкенден кийин энергоресурстун кымбатташы менен инфляциянын өсүшүнө тушукту. Баанын өсүшү менен Европада өнөр жай катуу аксап, бул экономиканын башка тармактарына олуттуу таасир тийгизди.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыш Россияга каршы террордук согушка өтүп жатабы? Ой толгоо