Корея Кыргызстанга төрт тез жардам унаасын тапшырды. Сүрөт

Атайын унаалар өзгөчө кырдаалдарда пайдаланылат.
Sputnik
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Корея Кыргызстанга төрт тез жардам унаасын жана медиктер үчүн атайын жабдууларды тапшырды. Бул тууралуу аталган өлкөдөгү элчи Аида Исмаилова билдирди.
Анын айтымында, атайын унааларды эки өлкөнүн Өрткө каршы улуттук агенттигинин ортосундагы макулдашуунун негизинде Кёнгидо провинциясынын Өрткө каршы күрөшүү кызматы берген.
1 / 4

Корея Кыргызстанга төрт тез жардам унаасын жана медиктер үчүн атайын жабдууларды тапшырды

2 / 4

Анын айтымында, атайын унааларды эки өлкөнүн Өрткө каршы улуттук агенттигинин ортосундагы макулдашуунун негизинде Кёнгидо провинциясынын Өрткө каршы күрөшүү кызматы берген

3 / 4

Исмаилова Корея тарапка техникалык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирген

4 / 4

Ошондой эле Кореянын Өрткө каршы кызматынын алдыңкы тажрыйбасын жана өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча заманбап технологиялардын бар экендигин эске алуу менен кыргызстандык адистерди даярдоо боюнча кызматташууну улантууга кызыкдар экендигин айткан

Исмаилова Корея тарапка техникалык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирген. Ошондой эле Кореянын Өрткө каршы кызматынын алдыңкы тажрыйбасын жана өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча заманбап технологиялардын бар экендигин эске алуу менен кыргызстандык адистерди даярдоо боюнча кызматташууну улантууга кызыкдар экендигин айткан.
Өз кезегинде Кёнгидо провинциясынын Өрткө каршы кызматынын эсеп бөлүмүнүн башчысы Ким Санву өлкөнүн куткаруучуларына жана медицина кызматкерлерине заманбап өрт өчүрүүчү жана тез жардам унааларын колдонуу боюнча окууларды уюштуруу ниети бар экенин кошумчалаган.
Россия Балыкчыдагы базага кандай жабдууларды берди