Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Киев Украинада ыплас чагымчылык даярдап жатканы кабарланып, ыкмасы айтылды

Чагымчылыктын максаты Москваны Украинада элди кырган курал колдонду деп айыптоо экени белгиленет.
Sputnik
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Бир нече мамлекеттеги, анын ичинде Украинадагы ишенимдүү булактардын маалыматына караганда, Киев режими өз мамлекетинин аймагында анча кубаттуу эмес өзөктүк куралды жардыруу менен ыплас чагымчылык даярдап жатат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Максаты Москваны Украинада элди массалык түрдө кырган курал колдонду деп айыптап, муну менен Россияны дүйнөгө жаман көрсөтүү экени айтылат.
Түрдүү булактардан Киев бул планын Батыштагы кураторлордун жетекчилиги менен ишке ашыра баштаганы белгилүү болгон. Днепропетровск облусундагы кенди байытуу комбинатына жана Киевдеги өзөктүк изилдөөлөр институтунун жетекчилигине бомбаны жасоо тапшырмасы берилип, ал иш акыркы стадиясына жеткен.
Ошол эле учурда Украина президенти Владимир Зеленскийдин тапшырмасы менен анын кеңсесинин кызматкерлери Улуу Британиянын өкүлдөрү менен өзөктүк куралдын компоненттерин Киев бийлигине өткөрүп берүү мүмкүндүгү боюнча тымызын байланыштарды жүргүзүп жатканы айтылат.
Макалада чагымчылыкты уюштуруучулардын бул аракети ишке ашса Москва негизги өнөктөштөрүнүн колдоосунан ажырап, Батыш кайрадан Россияны БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү макамынан ажыратуу маселесин көтөрөт деп ниеттенип жатканы жазылган.
Европа өзүнө каршы урулчу куралды Россияга тапшырды