Директорлор сынагы: Бишкек, Ош шаарлары менен Баткенден канча киши өттү

Тестирлөөдөн ондогон талапкер тийиштүү балл топтой албай, сынактан өтпөй калган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Директорлорду тандоо боюнча сынактын босого баллынан Бишкектен 60, Ош шаарынан 16 жана Баткен облусунан 52 талапкер өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.
21-22-октябрда Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялардын улуттук борбору мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына компьютердик тестирлөө өткөргөн.
Борбор калаада тестирлөөгө 79 талапкер катышып, алардын ичинен 51 талапкер 60 пайыздан жогору көрсөткүч менен босого баллдан өткөн. Андан сырткары, Чүй, Нарын облустарындагы жана Бишкек шаарындагы атайын, атайын көмөкчү мектеп-интернаттарындагы бош орундарга 9 талапкер катышып, бир талапкер келген эмес. Бардыгы тең жогору көрсөткүч менен босого баллдан өтүп кеткен.
Ош шаары боюнча тестирлөөгө 27 талапкер катышып, анын ичинен 16 талапкер 60 пайыздан жогору көрсөткүч менен босого баллдан өткөн.
Баткен облусунда тестирлөөгө 151 киши катышып, алардын ичинен 52 талапкер ийгиликтүү тапшырган.
Радио
Асан кызы: учурда ЖОЖдордо 50 миңден ашык бош орун бар