БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Азыркы маникюрлар аялдардын ден соолугуна кандай таасир этерин "Доктор Питер" басылмасына берген маегинде жалпы практика дарыгери Анастасия Жданова айтып берди.
Адистин пикиринде, маникюрду жасоо ыкмасы дагы, анда колдонулган каражаттар дагы ден соолукка дайыма эле пайдалуу боло бербейт.
"Мисалы, кыз-келиндер тырмак үстүндөгү теринин (кутикула) өсүп турушун каалабайт. Ал эми маникюр адистери аны түбүнө чейин кесип, тазалап салышат. Бул туура эмес. Ал тери тырмакты гана эмес, манжаларды, негизи эле организмди микробдордон сактап турат. А биз ал жерди ачып коюп жатабыз", — деди дарыгер.
Ошондой эле ал тырмак боегон лактын пайда-зыяны тууралуу сөз кылды.
"Лактын жакшы жагы — тырмакты калкан сыяктуу сырттагы терс факторлордон коргоп турат. Бирок колдо төрт күндөн узак кармала турган каражаттардын курамында зыяндуу химиялык заттар көп болот. Бул жагын унутпаш керек", — деди адис.
Андыктан дарыгер маникюр жасатуу алдында жок дегенде сапаттуу материалдарды колдонгон сулуулук салондорун таап алууну сунуштады.