Энергетиктер Бишкек, Чүйдүн жашоочуларын электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды

Бишкек шаары менен Чуй облусу боюнча суткалык керектөөлөр белгиленген лимиттен бир кыйла ашып кетти.
Sputnik
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. "Чүй электр тармактары" ишканасы Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жашоочуларын электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды. Энергетиктер электр тармактарына өзгөчө күч келген убакыттарды белгилеген.
Ишкананын маалыматына ылайык, аталган аймактарда суткалык керектөөлөр белгиленген лимиттен бир кыйла ашып кетти.

"21-октябрда Бишкекте бир сутка ичинде 9,6 миллион киловатт-саат электр кубаты коротулду, планда ал көрсөткүч 6,8 миллион болчу. Чүй облусунда пландуу лимит 7,06 миллион киловатт-саат болсо, сутка ичинде 8,2 миллион керектелди", — деп жазылат маалыматта.

Энергетиктер өзгөчө саат 07:00дөн 09:00гө чейин жана 19:00дөн 21:00гө чейин электр жабдууларын иштетпөөгө чакырышты. Ишкана мындай аракеттер авариялык кырдаалдын жаралышын алдын алат деп эскертти.
Радио
Турганбаев: кышында электр энергия тартыштыгы болбойт