Бишкекте урологдор бейтаптарды бир жума акысыз текшерет

Бишкек шаарынын жашоочулары үй-бүлөлүк медициналык борборлорго жана Улуттук госпиталдын Урология борборуна кайрылса болот.
Sputnik
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Бишкек шаарында 24-октябрдан 28-октябрга чейин "Өз саламаттыгыңа кам көр" деп аталган жумалыктын алкагында урологиялык ооруларга акысыз медициналык текшерүү жүргүзүлөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин башкы урологу Акылбек Усупбаев билдирди.
Башкы урологдун айтымында, мындай акция 20 жылдан бери улантылып келе жатат. Башка жылдардан өзгөчөлөнүп быйыл аялдар да урологдордун акысыз жардамына кайрыла алышат.
"Биздин Урология боюнча улуттук борбор, өлкөдөгү Урология ассоциациясынын мүчөлөрү мындай акцияны 20 жылдан бери өткөрүп келе жатабыз. Бул убакыт аралыгында 30 миңден ашык эркекти  текшерүүдөн акысыз өткөрдүк. Быйыл кары-жашына, аял-эркегине карабай баарын урологдорго көрүнүүгө чакырып жатабыз. Себеби акыркы жылдарда урологиялык оорулар абдан көбөйүп, көбүндө илдет өтүшүп кетип жатат. Кандай оору болсо да эрте текшерип, эрте дарыласа залалы болбойт. Бул долбоорду урологдор ойлонуп, элге жардам берүү ниетинде уюштурууда", — деди Усупбаев.
Ошондой эле ал акыркы кезде урологиялык оорулар эркектер арасында гана эмес, аялдар арасында да көп кездешип жатканына токтолду.
"Аялдар төрөйт, оор жумуштарды жасайт, миграцияда жүрүшөт. Мындан улам аялдарда да бөйрөктүн, табарсыктын сезгениши, инфекциялык оорулар көп болуп жатат. Тукумсуздук да көбөйдү. Акциянын алкагында урологдорго кайрылган тургундар дарыгердин текшерүүсүнөн, зарыл болсо УЗИден өтүп, заарасына анализ жүргүзүлөт. Андан соң дарыгер кеңеш берет. Бул кызматтар акысыз көрсөтүлөт. Бирок бейтапты андан ары терең изилдөө зарылдыгы жаралса, пландуу түрдө ошол багытта текшерүүдөн өтүшү керек болот", — деди башкы уролог.
Простатит менен ооругандардын нерви, жүрөгү да жабыркайт. Уролог Рысбаевдин маеги