Йоддун жетишсиздиги олуттуу ооруларга алып келет

Дарыгердин айтымында, адамдын организминдеги йоддун жетишсиздиги жыныстык органдарда залалдуу шишикти пайда кылуу коркунучу бар.
Sputnik
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Организмде йод жетишсиз болсо адам бир катар оор илдеттерге кабылышы мүмкүн. Бул тууралуу педиатр Ирина Юзуп "Доктор Питер" порталына айтып берди.
Йод — тироксин калкан бездериндеги гормондордун синтезделишин жөндөгөн башкы компонент. Бул үчүн биз азыктанган тамак-аштагы йоддун 90 пайызы иштетилет.
Бул микроэлемент метаболизм, мээнин өнүгүшү жана иштөөсү, жатындагы түйүлдүк үчүн абдан зарыл. Организм жетиштүү деңгээлде йодду ала албаган учурда "йоддун жетишсиздиги" абалы жаралат.
"Йоддун жетишсиздиги калкан бездеринин иштешинин бузулушуна алып келет. Айрым учурда сүт бездери же эркектин урук бездериндеги көйгөйлөр йоддун жетишсиздигинен болот", — деп түшүндүрдү дарыгер.
Организмдеги йоддун жетишсиздигинин белгилери:
апатия жана маанайдын чөгүшү;
стресс абалга түшүү;
баш оору;
чач түшүп, тырмактын морт болушу;
баш сөөктүн ичинде кан басымдын көтөрүлүшү;
алсыроо, бат чарчап калуу, жумушка болгон жөндөмдүүлүктүн төмөндөшү;
гипотиреоз — калкан бездеринин функциясынын жетишсиздиги;
депрессиялык абал;
ашыкча семирип кетүү;
ич катуу;
холестериндин көбөйүүсү.
Эндокринолог: йод жетишпесе түйүлдүктүн мээсине, нерв системасына терс таасир берет