Радио

Бакиров: батир ижаралоо келишиминде баары так көрсөтүлүшү керек

Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров батир ижаралоо келишиминде баары так, ачык-айкын көрсөтүлүшү зарыл экенин айтты.
Sputnik
Жарандык кодекстин нормаларына ылайык, ижарага алуу келишими мөөнөттүү жана мөөнөтсүз болуп экиге бөлүнөт. Бул тууралуу Артур Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мөөнөттүү келишим бир айдан баштап, үч жылдан ашык убакытка түзүлөт.
"Батир ижаралоо келишиминде негизги жагдайлар канча убакка алып жатасыз, кандай баада, ай сайын канча акча төлөйсүз, кандай учурда кантип төлөнөт, эмне шарттар менен колдоно аласыз жана эң негизгиси түзүлгөн макулдашууну бузуу маселелери так көрсөтүлүшү шарт. Үйдүн ээси кайсы учурда үйдөн чыгара алат, кайсы учурда сиз өз каалооңуз менен чыга аласыз ошол шарттардын баары камтылышы зарыл. Эгерде ижара келишими оозеки түрүндө түзүлүп, бирок экинчи тарап ал шарттарды аткарбай жатса анда сиз КРдин мыйзамдарына ылайык оозеки келишимди тактоо иретинде КРдин тиешелүү сотторуна кайрыла аласыз. Мындайча айтканда, сот процесстери аркылуу өз укуктарыңызды коргоого укуктуусуз. Жарандык кодекстин нормаларына ылайык ижарага алуу келишими мөөнөттүү жана мөөнөтсүз болуп экиге бөлүнөт. Мөөнөттүүсүн бир айдан баштап, үч жылдан ашык убакытка чейин түзө аласыз. Документте мөөнөт көрсөтүлбөсө анда бул келишим мөөнөтсүз деп эсептелинет. Ошол эле учурда КРдин мыйзамдарына ылайык үч жылдан ашык мөөнөткө түзүлө турган болсо, анда тиешелүү мамлекеттик каттоо органдарынан каттоодон жана нотариалдык бекемдөөдөн өтүшү зарыл", — деди юрист.
Ал жазуу түрүндөгү келишим аркылуу ар бир ижаралоочу өз укугун толук коргой ала турганын кошумчалады.