Индонезия элчиси Путин менен Байденди жолуктурууга даяр экенин айтты

Жакарта Путинге чакыруу жиберген, бирок президенттин иш-чарага катышар-катышпасы азырынча белгисиз.
Sputnik
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Индонезия Россиянын президенти Владимир Путин G20 саммитине катышуу чечимин кабыл алса, америкалык кесиптеши Жо Байден экөөнүн жолугушуусун уюштурууга даяр. Бул тууралуу РИА Новостиге Индонезиянын Москвадагы элчиси Хосе Антонио Морато Таварес билдирген.
"Индонезия мындай жолугушууну уюштурууга ынтызар. Буга чейин ушул сыяктуу иштерди жасаганбыз. Маселен, Камбоджадагы чыр-чатакта Индонезия Жакаратада бир пикирге келе албай жаткан Вьетнам менен Камбоджа лидерлеринин бейрасмий жолугушуусун уюштурган. Албетте, президенттердин кезигүүсү бир нерсе чечет деп убада бербейбиз. Бирок баарлашуу бир аз болсо да пайдасын тийгизет деп ойлойм", — деген дипломат.
Анын айтымында, Жакарта Путинге чакыруу жиберген, бирок президенттин иш-чарага катышар-катышпасы азырынча белгисиз.
"Индонезия президенти Россияны саммитке катышууга чакыруу үчүн Москвага жеке өзү келип кеткен. РФтин уюмга мүчө-өлкө катары саммитке катышуусу башка мамлекеттер сыяктуу өтө маанилүү. Биз кабыл алып жаткан тарап катары кошумча катышуучуларды чакырууга укуктуубуз", — деген элчи.
"Чоң жыйырмалыктын" лидерлеринин саммити 15-16-ноябрда Балиде өтөт. Буга чейин АКШ жана бир катар өлкөлөр быйыл G20га төрагалык кылган Индонезияга Украинадагы абалдан улам Россиянын саммитке катышуусунан баш тарттыруу үчүн басым жасаганга аракет кылган. Бирок Жакарта Россияга чакыруу жолдонгонун жана аны кайрадан артка чакырууга мүмкүн эместигин айткан. G20 саммити экономикалык маселелерди карайт, саясат анын күн тартибине таасир этпеши керек. Ушул эле учурда Индонезия өкмөтү АКШ жана анын союздаштарынын сунушу боюнча Украинаны да иш-чарага чакырган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Европа сүйлөшүүгө даяр болуп калгандай. АКШ буга бышып-жетиле элек