Кыргызстан Санкт-Петербург шаарында "Мода шериктештиги" форумуна катышты

Форумдун жүрүшүндө жеңил өнөр жай тармагынын өкүлдөрү ар бир улуттун маданий баалуулуктарын сактап калуу үчүн улуттук кийимдердин брендин өнүктүрүүнү талкуулашты.
Sputnik
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Кыргызстан Россиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн "Мода шериктештиги" форумуна катышты. Бул тууралуу КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык ассамблеясынан кабарлады.
Билдирмеге караганда, форум шериктештикке кирген өлкөлөрдө жеңил өнөр жайды жана мода индустриясын өнүктүрүүгө арналган.
1 / 4

Кыргызстан Россиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн "Мода шериктештиги" форумуна катышты

2 / 4

Билдирмеге караганда, форум шериктештикке кирген өлкөлөрдө жеңил өнөр жайды жана мода индустриясын өнүктүрүүгө арналган

3 / 4

Мода форумунда Кыргызстан модельер Айсалкын Исмаилованын эмгегин тартуулады

4 / 4

Мындан тышкары, форумда ар бир улуттун маданий баалуулуктарын сактап калуу үчүн заманбап мода индустриясында улуттук кийимдердин брендин өнүктүрүү темасына көңүл бурулду

"Мындай иш-чара биринчи жолу өттү. Аны КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык ассамблеясы Россиянын Маданият министрлиги, Соода жана өнөр жай министрлиги, Евразиялык аялдар форуму менен өнөктөштүктө уюштурду. Жеңил өнөр жай, мода индустриясынын, бул багыттагы министрликтердин, бизнес-ассоциациялардын, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү тармактагы эң маанилүү маселелерди талкуулап, тажрыйба жана байланыш номерлери менен алмашууга аянтча түзүлдү. Форумга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан катышты", — деп жазылат маалыматта.
Мода форумунда Кыргызстан модельер Айсалкын Исмаилованын эмгегин тартуулады.
"Форумдун жүрүшүндө эксперттер тармактагы мыйзамдуулук базасын, жаңы технология, кадрлардын жетишсиздиги жана сырткы рынокко чыгуу маселелерин талкуулашты. Мындан тышкары, бажы кызматтарынын иши, шериктештикке кирген өлкөлөр арасында коридор түзүү, стандартизация жана башка заманбап турмушка ылайыкташкан темаларда тегерек столдор өттү", — деп белгиленген билдирмеде.
Мындан тышкары, форумда ар бир улуттун маданий баалуулуктарын сактап калуу үчүн заманбап мода индустриясында улуттук кийимдердин брендин өнүктүрүү темасына көңүл бурулду.
Кыргызстандын атынан форумга экономика жана коммерция министринин орун басары Вероника Исаева, Кыргыз өнөр жай жана ишкерлер союзунун президенти, ЕАЭБдин ишкердик кеңешинин башчысы Данил Ибраев, Билим берүү жана илим министрлигинин Баштапкы кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнур Мамырова, Кыргызстандын аялдар конгрессинин президенти Замира Акбагышева, Исхак Раззаков атындагы мамлекеттик техникалык университетинин жана республикадагы соода компанияларынын өкүлдөрү катышты.
Радио
Карасартов: өлкөдө жеңил өнөр жайды өнүктүрүүчү үч ири долбоор ишке ашууда