Британия парламентинин дубалында Трассты келекелеген видео пайда болду

Буга чейин Британиянын букмекерлери "ким көпкө чейин чыдайт, латук салатпы же Трасс премьер-министрлик кызматтабы?" деген суроо менен акча сайып, кызуу талаш башталган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Британия парламентинин дубалында бийликте көпкө кармалбай, 45 күндөн кийин эле кызматтан кетмекчи болгон Лиз Трассты "жеңген" латук салатынын (жалбырак) сүрөтү пайда болду. Видеону РИА Новостинин Telegram-каналы жарыялады.
Анда көрүнүп тургандай, "жеңишке жеткен" салатка Трасска окшоштуруп парик кийгизип коюшкан.
Буга чейин Британиянын букмекерлери "ким көпкө чейин кармалат, латук салатыбы же Трасс премьер-министрлик кызматтабы?" деген суроо менен акча саюуну сунушташкан. Daily Star басылмасы "жарыш" деген видеотрансляциясын чыгарары менен алты күндөн соң премьер айым кызматтан кетерин жар салды. Андан көп өтпөй парламенттин дубалында "салат Трассты жеңди" деген жазуу менен видео пайда болду.
Эске салсак, кечээ, 20-октябрда, Элизабет Трасс Улуу Британиянын премьер-министрлик кызматынан кетип жатканын билдирди. Ал өзүнүн ордуна башка бирөө шайланмайын ишин улантып турарын айтты.
The Daily Mail: Британия Россия түтүктөрүбүздү жардырат деп чочулоодо