Чүйдүн Восток айылында кездеме сактаган кампа өрттөндү. Видео

Учурда өрттү толугу менен өчүрүү иштери уланууда.
Sputnik
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Аламүдүн районунун Восток айылында кездеме сактаган кампадан өрт чыкканын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 4

Аламүдүн районунун Восток айылында кездеме сактаган кампадан өрт чыкканын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады

2 / 4

Билдирмеге караганда, өрт 21-октябрга караган түнү башталган

3 / 4

Учурда өрттү толугу менен өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө

4 / 4

Кошумча маалымат берилет

Билдирмеге караганда, өрт 21-октябрга караган түнү башталган.
"Жерине саат 04:45те ӨКМдин өрт өчүрүүчү 5 бөлүмү, ыкчам топ, саат 07:00дө "Тазалык" ишканасынан суу ташыган эки автоунаа барган. Тилсиз жоо эртең мененки саат 07:48де чектөөгө алынды", — деп жазылат кабарда.
Учурда өрттү толугу менен өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет.
Таласта автоунаа кырсыктап, жубайлар машинасы менен кошо өрттөнүп кетти. Видео