Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Херсондо украин армиясынын соккусунан көз жумгандардын саны төрткө жетти

Буга чейин эки адам каза болуп, 10 киши жабыркаганы айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Херсонго жасалган ракеталык соккудан каза болгондордун саны төрткө жетти. Бул тууралуу региондун жаңы аскердик-жарандык администрациясынын башчысынын орун басары Кирилл Стремоусов "Соловьев Live" берүүсүнүн эфиринде билдиргенин РИА Новости жазды.
"Менде төрт адам көз жумгандыгы тууралуу маалымат бар", — деген аткаминер.
Эске салсак, кечээ кечинде Украинанын аскерлери Херсондогу Антонов көпүрөсүнүн жанындагы калк жашаган аймакка HIMARS системасынын 12 ракетасы менен сокку урган. Россиянын ПВО системасы анын 11ин талкалаган. Тилекке каршы, бирөө көпүрөнүн жанындагы районго түшкөн. Башында эки киши каза болуп, 10 адам жаракат алганы айтылган. Алардын арасында балдар, журналисттер да бар.
Белгилей кетсек, Украинанын куралдуу күчтөрү Херсон жана Запорожье облустарындагы турак жай, инфраструктура объектилерин аткылап жатат. РФ армиясынын биргелешкен тобунун командачысы Сергей Суровикин Херсондо абал курч экенин айтып, Россия ал жактагы жай тургундарды өз убагында алып чыгып кетерин белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин жаңы кошулган 4 облуска аскердик абал киргизди