Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШ конгрессмени Украинага курал-жарак жеткирүүдөгү көйгөйдү ачыктады

Маккол Украинага жаңы артиллериялык ракеталык HIMARS комплекстери эки жылдан кийин гана берилиши ыктымал экенин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Кошмо Штаттар курал-жарак чыгаруу жаатында олуттуу көйгөйлөрдү баштан кечирүүдө, бирок Вашингтон аны жашырып жатат. Бул тууралуу Өкүлдөр палатасынын конгрессмени Майкл Маккол Newsmax басылмасына берген маегинде билдиргенин РИА Новости жазды.
"Биздин коргонуу-өндүрүш база талкаланып калды. Бул Вашингтондун эч жакка ачыктабаган сыры. Система чынында кыйраган. Биз мурдагыдай курал-жаракты тез чыгара албайбыз", — деген конгрессмен.
Ал АКШнын аскердик потенциалы төмөндөп, чет жактагы союздаш өлкөлөрдү коргоодон улам өлкө ичинде жетишерлик көйгөй жаралганын белгилеген. Маккол АКШ үч жылдан бери Тайванга курал-жарак жеткирбей калганын айтып, Украинага жаңы артиллериялык ракеталык HIMARS комплекстери эки жылдан кийин гана берилиши ыктымал экенин кошумчалаган.
"Курал-жарак сатуу биздин улуттук коопсуздук үчүн чоң коркунуч болушу мүмкүн", — деген ал.
Буга чейин Россия НАТОнун Украинага курал-жарак жеткиргени үчүн альянска нота жөнөткөн. Атайын операциянын фонунда АКШ жана анын НАТОдогу өнөктөштөрү Украинага курал-жарак ташууну улантууда. Вашингтон Киев бийлигине аскердик жардам үчүн миллиарддаган доллар бөлүп жатат. Ал эми Москва курал-жарак жеткирүү жаңжалды ырбатарын айтып келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Украина АКШнын жардамы жок Россияга бир ай да туруштук бере албайт