Окумуштуулар адамдын кайсы сезими эң акыркы болуп өлөрүн аныкташты

Изилдөөнүн автору, профессор Лоуренс Уорддун айтымында, дене кыймылын токтотуп, адам тил-ооздон калгандан кийин дагы мээ кадимкидей иштөөсүн улантат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Адам өлүп бара жатканда кайсы орган менен сезим аягына чейин иштей турганын британиялык Колумбия университетинин окумуштуулары изилдеп чыгышты. Анын жыйынтыгын Mirror гезити жазды.
Изилдөөнүн автору, профессор Лоуренс Уорддун айтымында, дене кыймылын токтотуп, адам тил-ооздон калгандан кийин дагы мээ иштөөсүн улантат. Аны менен бирге киши айланадагылардын сүйлөгөнүн уга берет.
"Өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүндө адам сүйлөй албаса дагы жакындары жылуу сөзүн айтып, сүйлөп турганы жакшы. Муну адам угат", — деди Уорд.
Мындай бүтүмгө келиш үчүн окумуштуулар тобу дени сак адам менен өлүм алдында жаткан адамдын мээсин салыштырып көргөн. Ал үчүн музыканы колдонушкан. Жагымдуу обонду өлүм алдындагылардын мээси дени сак адамдыкынан эч айырмаланбай кабыл алары белгилүү болгон.
Ошол эле учурда адистер тил-ооздон калган адам жанындагылардын үнүн угушу мүмкүн, бирок түшүнөр-түшүнбөсү күмөн экенин айтып жатышат.
Уйкунун бузулушу эмнени билдирет? Психиатр абалды жөнгө салуу жолдорун айтты