Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Касым-Жомарт Токаев Украинанын "Миротворец" сайтынын базасына киргизилди

"Миротворец" сайты чуулуу макалалары менен белгилүү. Сайттын администраторлору ДЭР жана ЛЭРдин айрым журналисттерин, жоокерлерин жана башка жарандарды "саткын" деп атап, маалыматтарды жүктөп турушат.
Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Казак президенти Касым-Жоомарт Токаев Украинанын "Миротворец" сайтынын базасына киргизилгенин РИА Новости жазды.
Маалыматта Казакстан лидеринин жеке маалыматтарын реестрге киргизүүгө 2019-жылы анын Deutsche Welle маалымат каражатына берген интервьюсу себеп болгону айтылган.

"Токаев журналисттерге берген маегинде республикада Крымдын Россияга кошулушун "аннексия" деп эсептебей турганын айтып, бул жарым аралга карата абдан оор аныктама деп белгилеген. Сайттын администраторлору Токаев бул пикири менен Россиянын Украинага каршы агрессиясын тааныбайт деп сыпатташкан. Базада казак президентинин жеке маалыматтары көрсөтүлгөн", — деп жазылат кабарда.

Басылманын маалыматына ылайык, "Миротворец" сайты чуулуу макалалары менен белгилүү. Администраторлору Донецк Эл Республикасынын, Луганск Эл Республикасынын айрым журналисттерин, жоокерлерин жана башка жарандарды "саткын" деп атап, маалыматтарды жүктөп турушат. Анын маалыматтар базасына Россиянын бир катар маданият өкүлдөрү жана башка жарандары киргизилген.
"Ушул жылдын жай мезгилинде РИА Новости агенттиги БУУнун Россиядагы туруктуу өкүлүнүн каты менен таанышкан, анда Антониу Гутерреш "Миротворец" сайтынын жабылышына көмөк көрсөтөрү жазылган", — деп белгиленет маалыматта.
Каттын авторлору бул долбоордун курмандыгына чоңдор гана эмес, балдар да айланып жатканын кошумчалаган.
Россия БУУдан "Миротворец" сайтынын жабылышына салым кошуусун суранды