Таласта автоунаа кырсыктап, жубайлар машинасы менен кошо өрттөнүп кетти. Видео

Каргаша Тараз — Талас — Суусамыр жолунун 168-чакырымында болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Таластын Бакай-Ата районунда автоунаа кырсыктап, ичиндеги жубайлар машинасы менен кошо өрттөнүп кеткенин ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, кырсык Тараз — Талас — Суусамыр унаа жолунун 168-чакырымында болгон. Анда Daewoo Nexia үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, бакты сүзүп, жыйынтыгында машинадан өрт чыккан.
"Кырсыктын кесепетинен 65 жаштагы киши менен 62 жаштагы аялы көз жумган",— деп жазылат кабарда.
Жерине ӨКМдин куткаруучусу барып, каза болгондордун сөөгүн унаадан чыгарып Кара-Буура райондук оорукананын өлүкканасына жеткизип беришкени кошумчаланды.
Россияда Су-34 бомбалоочу истребители турак жай кварталына кулады. Видео