Крым көпүрөсүн оңдоо уланып, автоунаалар тыгынга кабылбай өтүүдө

Көпүрөнүн жабыркаган бөлүгүндө жумушчулар оор курулуш техникалары менен иштеп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Крым көпүрөсүн оңдоо уланууда, ошол эле учурда автоунаалардын тыгыны болгон жок. Бул тууралуу РИА Новости Telegram-каналына маалымат жарыялады.
Шейшемби күнү эртең менен агенттиктин кабарчысы Крым көпүрөсүнө барган. Көпүрөнүн бир бөлүгүндө автоунаалар кадимкидей шартта өтүп жатканын айткан. Анын талкаланган бөлүгүндө жумушчулар оор курулуш техникалары менен иштеп жатат.
Эске салсак, 8-октябрь күнү таң атпай Крым көпүрөсүнүн бир бөлүгүндө жүк ташуучу автоунаа жардырылып, анын кесепетинен күйүүчү майды темир жол аркылуу ташыган жети цистерна өрттөнгөн. Жарылуунун кесепетинен Краснодар жана Керчь шаарларын бириктирген жолдун бир бөлүгү ураган. Россия лидери Владимир Путин жардырууну теракт деп сыпаттаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Крым көпүрөсүндөгү терактыдан кийинки ойлор. Россия кандай кадамга барат?