Балдарга зомбулук көрсөткөндөр өлүм жазасына тартылсын. Мыйзам долбоору

Эл өкүлдөрү Кыргызстанда акыркы жылдары балдарга карата зордук-зомбулук жасаган ырайымсыз кылмыштар көбөйгөнүн белгилешкен.
Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин 61 депутаты балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөндөргө өлүм жазасын киргизүүнү сунуштады.
Конституцияга мындай өзгөртүү киргизүү сунушу менен чыккан эл өкүлдөрүнүн аты-жөнү жана мыйзам долбоорунун өзү парламенттин сайтына жарыяланган.
Негиздемеде бул жаза жашы жете элек балдарга сексуалдык зордук-зомбулук көрсөткөн кылмышкерлерге колдонулары жазылган.
Эл өкүлдөрү Кыргызстанда акыркы жылдары балдарга карата зордук-зомбулук жасаган ырайымсыз кылмыштар көбөйгөнүн белгилешкен.
Бычып салуу, өлүм жазасы... Педофилдер дүйнөдө кантип жазаланат?