БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов АКШнын аскердик делегациясы Баткенге кандай максатта келгени тууралуу маалымат берди.
Бүгүн эртең менен депутат Адахан Мадумаров АКШ менен аскердик кызматташтык келишими жок экенине карабай алардан делегация келип жатканына тынчсыздануусун билдирген.
Абытовдун айтымында, АКШнын Борбордук командачылыгынын ресурстар жана анализ боюнча директору Роберт Унгер баштаган топ келген. Алар 16-18-октябрь күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы окуялардын жүрүшү, ӨКМдин ишмердүүлүгү жана адамдарды убактылуу жайгаштыруу жайлары менен таанышкан.
Ошондой эле ал бул сапар аскердик мүнөзгө ээ эмес деп белгиледи.
"Роберт Унгердин сапарында биздин куткаруу кызматтары үчүн техника алуу маселеси кызыгуу жаратты. АКШнын Борбордук командачылыгы Кыргызстан менен 30 жылдан бери кызматташып келет. 2022-жылдын февралынан тартып Монтана штатынын Улуттук гвардиясы менен куткаруучулардын ишин жакшыртуу боюнча кызматташып келүүдө. Бул аскердик мүнөзгө ээ эмес. 2021-жылы августта 3,7 миллион доллар суммасында жеке коргонуу каражаттары келип түшкөн", — деди Абытов.
Президенттин өкүлү мындай маалыматты тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев бергенин кошумчалады.