БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында кыргызстандык жети миллионунчу наристенин энеси Айжаркын Сыраждинованы куттуктады.
Видеону өлкө башчынын маалымат кызматы таратты.
Алгач мамлекет башчыга Статистика боюнча улуттук комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов жана саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова маалымат берди.
Кыргызстандын тарыхый жашоочуларынын бири болгон ымыркай Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 19-октябрда саат 2:10до төрөлгөн. Салмагы 3,9 килограмм, бою 54 сантиметр ымыркай Валижан Абдурасуловдун үй-бүлөсүндө жарыкка келген. Бөбөк ата-энесинин төртүнчү уулу болуп калды. Көз жарган Айжаркын Сыраждинова 40 жашта.
Садыр Жапаров Сыраждинованы куттуктап, жакшы тилектерин айтып, бөбөккө чың ден соолук, узун өмүр каалады. Ал жети миллионунчу жаран өз элинин татыктуу уулу болуп өсүп, өзүнүн үй-бүлөсүнө эле эмес, бүтүндөй өлкөгө мындан аркы бакубатчылык алып келерине ишенерин билдирди.
Баланын энеси куттуктоолор үчүн ыраазычылык билдирип, мамлекет башчыдан жаңы төрөлгөн баласына ысым берүүнү өтүндү. Президент Садыр Жапаров жети миллионунчу кыргызстандыкка өлкө гүлдөп-өнүксүн деген тилек менен Жакшылык ысымын берүүнү сунуштады.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын жети миллионунчу жаранынын депозиттик эсебине мамлекеттен бир миллион сом которулду. Жакшылык аны жашы жеткенде өз муктаждыгына колдоно алат.